2023-жылдын 11-декабрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Рысбаев Сулайман Казыбаевич И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары менен студенттерине “Формативдик билим берүү мезгилинде ишмердикке негизделген деңгээлдик билим берүү технологиялары” деген аталыштагы конок лекция өттү.
Иш-чараны институттун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Р.Т.Сулайманова ачып, сөздү КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Тиллебаев Садык Алахановичке берди. Ал С.К.Рысбаевди кыргыз тилин окутуу методикасы илими боюнча таанымал адис экендигин, анын авторлугу менен жазылган 10 окуу китеп мектепте негизги окуу китеп катары окулуп келаткандыгын, анын “Алиппе” окуу-методикалык комплекси республикабызда алгач ирет этнопедагогикалык багытта жазылып, “Улуттук “Алиппе” катары баалангандыгы чоң сыймык экендигин баса белгиледи.
С.Рысбаев өзүнүн лекциясында бүгункү күндө кыргыз баласынын билим алуусун анализдөө керек экендигине токтолуп, башкача айтканда билим берүүнүн технологияларынын эскиргендиги, анын бүгүнкү күндөгү натыйжа бербей жаткандыгына басым жасап өттү. Ал о.э. ар бир тажрыйбалуу мугалимдин сабакты кандай ырааттуу түрдө иштеп чыгыш керек экендигин, билимди текшерүүнүн деңгээлдерине токтолуп, өздөштүрүүнүн деңгээлдери жөнүндө чыгармачылык менен түшүндүрүп берди.
Лекциянын соңунда окутуучулар, студенттер тарабынан суроолор берилип, алгылыктуу жоопторду алышты.
Жыйындын аягында ПКМДИнин директору Р.Т.Сулайманова С.Рысбаевге ыраазычылык кат тапшырды.
(С) Т.Ч. Абдылдаева – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин доценти