2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинде уникалдуу талант, улуу аалым К.Асаналиевдин 95 жылдыгына карата факультет деканы Бактыбек Жайлообаевдин 2023-жылдын 1-декабрындагы №2-буйругунун негизинде лекция-сабак болуп ѳттү.

Сабакты кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти Э.Акунов ачып, К.Асаналиевдин ѳмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу маалымат берди жана кафедранын профессору М.Жумаевге сѳз берди.

Профессор М.Жумаевдин “К.Асаналиевдин чыгармачылык бейнеси» деген аталыштагы лекциясына кафедранын жалпы жамааты, факультеттин КТАОМ-1-19, КТАОМ-1-21, КТА-1-21 группаларынын студенттери жана башкалар катышты.

Лекция суроо-жооптор менен кызуу пикир алышууда уланып, К.Асаналиевдин чыгармачылык бейнесине арналган жумалыктын алгачкы иш чарасы ийгиликтүү аяктады, лекция ѳз максатына жетти.

(С) Э.Б.Акунов – кафедра башчысы

Добавить комментарий