2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологисы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата улуу жазуучуну эскерүү кечесин өткөрдү. Жыйынга факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, Кыргыз–Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин директору Адил Гезер, анын орун басары Эржан мырза, Кыргыз-Орус Славян университетинин түркология борборунун мүдүрү Э. Осмонова катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Эскерүүлөрдө Чыңгыз Айтматов кыргыз жеринде гана эмес, түрк дүйнөсүндө да алп жазуучу катары баалана тургандыгы баса белгиленди. “Ала-Тоодон ааламга чыйыр салган улуу жазуучу, ааламдын жазуучусу” деген сыяктуу сөздөргө татыган кайталангыс талант, башка тилдерде да эскерилди. Ошону менен бирге студенттерге окуучулук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүно бөлүмдүн биринчи курстары каармандарды түркчө сүйлөтүштү. Программада түркчө монолог, сценка, ыр, бий, интелектуалдык оюн уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Айтматовдун китептери белек катары тартууланды.
(С) Бактыбек кызы Канышай – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучусу
