2023-жылдын 7-декабрында юридикалык институттун «Бажы  иши» адистигинин студенттери улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына арналган кафедранын мерчемделген иш-чаралардын алкагында  Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук  академиялык драма театрында старт алган VI эл аралык «Айтматов жана театр» фестивалынын ачылыш аземине катышышты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутов залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткан майрамдык салтанатты ачып жатып бул фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан. Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнөн театрлар келип, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер көрүүчүлөргө 6 күн бою бекер тартуулана тургандыгын билдирди.

Фестиваль Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын режиссеру, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген  артисти Назым Мендебаиров койгон «Кылым карытар бир кун» спектакли менен ачылып, студенттер жана көрүүчүлөр бир дем менен кызыгып көрүштү.

Мындай маданий иш-чараларга студенттерди тартуунун эн негизги максаты – ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматовдун атын, чыгармаларын студенттердин аң-сезимине жеткирүү, даңазалоо, анын чыгармаларындагы руханий мурастарды келечектин ээси болгон кийинки муунга калтыруу, о.э. театр искусствосун жаштардын арасына кеңири жайылтуу болуп саналат.

Студенттер бул спектакль өзгөчө таасир калтыргандыгын белгилеп өтүштү.

(С) Р.Т.Ибраимов – «Укук таануу жана бажы иши» кафедрасынын башчысы, ю.и.к., доцент

Добавить комментарий