2023-жылдын 5-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун студенттери окутуучулар Л.Балбак кызы, Б.Бекназарова менен биргеликте 12-декабрда белгиленүүчү Улуттук адабият күнүнө карата Ата-Бейитке барып келишти.

Окутуучулар студенттерге аталган мемориалдык комплексти тааныштырып, ал жакта жаткан улуу инсандар жөнүндө айтуу менен, кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов тууралуу да  маалымат беришип, анын чыгармачылыгы боюнча азын-оолак сөз кылышып кайтышты.

(С) Актилек Солтоноев – декандын орун басары

Добавить комментарий