2023-жылдын 5-декабрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында дүйнөнү калеми менен багындырып, элибиздин сыймыгы болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара “Зор атакка жетишкен элибиздин сыймыгы, көптөгөн сыйлыктардын ээси Чыңгыз агайыбыздын чыгармаларын окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптыра албасак, турмушка берген сабагыбыздын жугуму болбостур”, – деген мугалимдин сөзү менен башталды.

Катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, жазуучунун “Кызыл алма” повестинин мотивдеринин негизинде окуучулар даярдаган видеоролик көрсөтүлгөн соң, окуучулар Айтматовдун ааламына саякаттап, ар бир чыгармасынан үзүндү аткарышып, Айтматовго арнап көркөм ыр айтышып, обондуу ырын оболонто созушту.

Чыгарманы бүткүл аалам сүйгөн кандай

Тазартып жан дүйнөнү жааган кардай

Алгачкы билим берген элеттикке

Эсимден деле чыкпайт Дүйшөн агай

Жер эне, Толгонайды, Алиманды

Данияр, шайыр мүнөз Жамийлаңды

Илияз, Султанмурат, Нургазылар

Каармандар классика сабындагы

Ала-Тоо, мөлтүр кашка булагыңыз

Карагай арчалуу төр, турагыңыз

Урпактарың урматтап, тизе бүгөт

Кут болсун, куттуу 95жаш курагыңыз!

(С) Бейшеналиева Берметинституттун башкы адиси – курстун менеджери

Добавить комментарий