2023-жылдын 5-декабрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын педагогика багытында билим алып жаткан магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасы боюнча отчету кабыл алынды.

Аталган кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан магистранттардын 2023-жылдын 9-октябрынан 24-ноябрына чейинки аралыкта өтүлгөн илимий-педагогикалык практикасы боюнча отчет алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кафедра башчысы Гүлназ Адылбекова, профессор Гудимова Альбина Николаевна, доценттер Сууракан Конгайтиева, Гүлжамыш Абдымомунова, Назира Кайдиевалар кирди. Алар магистранттардын отчетторун текшерип, кабыл алышты.

Магистранттар практика учурунда  окуу-методикалык, илимий жана тарбиялык иштер боюнча аткарган контролдук иш-чаралар тууралуу презентация даярдап, отчет беришти.

Алар о.э. сабактардын темалары, кайсы группаларга өткөндөгүнү, жетишкендиктери боюнча маалымат беришип, өздөрүнүн илимий изилдөө багытында маанилүү, керектүү маалыматтарга ээ болгондугун жана кызыгуусу арткандыгын билдиришти.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий