2023-жылдын 5-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сиңирген мугалими, новатор агартуучу Гапыр Мадаминов И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары менен студенттерине “Студенттердин өз алдынча билим алуусунда акыл эмгек маданиятынын мааниси” деген темада конок лекция өттү.

Иш-чарага п.и.д., профессор, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Н.А.Асипова, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтунун подполколковниги Т.Т.Максутов жана Токмоктогу жалпы билим берүүчү “Үмүт” лицейинин директору А.А.Жияналиев катышты.

Жыйынды институттун директору Р.Т.Сулайманова ачып, келген конокторду тааныштырды жана Гапыр Мадаминовго  сөз берди. Ал кесипке багыт берген тажрыйбалары менен бөлүшүп, “Балдар эмне үчүн окугусу келбейт?”, “Ата-энелер эмне үчүн өз балдарынын билим, тарбия сапатына кайдыгер?”, “Мугалимдердин сабагы эмне үчүн окуучуларга жукпай жатат?” сыяктуу көйгөйлүү, ары  кызыктуу суроолордун алкагында баяндама жасады.

Лекциянын соңунда окутуучулар, студенттер тарабынан суроолор берилип, алгылыктуу жоопторду алышты.

Иш-чаранын аягында ПКМДИнин директору Р.Т.Сулайманова  Г.Мадаминовго ыраазычылык кат тапшырды.

(С) Т.Ч.Абдылдаева – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин доценти

Добавить комментарий