2023-жылдын 4-декабрь күнү доцент Шаршенбек Жусупкелдиев математика жана информатика факультетинин колдонмо информатика багытынын студенттерине «Мехатроника жана робот техникасы» деген темада 2 сааттык дарс өттү. Лекция жандуу өтүп, зор кызыгууну жаратты.

Шаршенбек агайдын айтымында, мехатрондук жана роботтук системаларды долбоорлоо, изилдөө, жасап чыгуу жана ишке киргизүү тармагында иш жүргүзүү – азыркы замандын талабы. Жасалма интеллекти колдонуп, орчундуу маселелерди чечүү үчүн робот-манипуляторлорду жасап, көбөйтүү керек.

Лектор о.э. робот адамдын колунун функциясын аткараарын, манипулятордун сегменттери айланууга жана алдыга-артка жылууга мумкундук берээрин баса белгилеп кетти.

Бүгүнкү иш-чаранын негизги маселеси – айыл-чарбасына колдонуучу роботторду жана учкучсуз учуучу апараттарды колдонууну сунуштоо болчу.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучуларында көптөгөн суроолор пайда болуп, кызыктуу дискуссия да болду.

Сабактын соңунда робот жана дрон чарба иштерин аткаруу үчүн жасалма интеллекттин алгоритимдерин колдонуп түшүмдүн бышкандыгын толук аныктай ала тургандыгы, бүгүнкү күндүн маселелерин чечүү үчүн жогорку адис-инженерлер, информатик, электротехник жана механиктер керек экендиги, роботтор жана учуучу апараттардын функцияларын газ анализаторлордун жардамы менен жогорулатууну ишке ашыруу жөнүндө бүтүндөй аудиторияга жеткиликтүү түшүнүк бергендиги үчүн иш-чаранын катышуучулары Шаршенбек Жусупкелдиевке ыраазычылыктарын билдиришти.

Агайыбыздын мындан аркы педогогикалык жана илимпоздук  ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия  иштери боюнча декандын орун басары ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий