2023-жылдын 1-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары” аттуу педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш чаранын алкагында п.и.д., профессор Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз тилин үйрөтүү технологиялары” аталышындагы китебинин бет ачары болду.

Тегерек столдун модератору катары факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиева келген конокторду тааныштырып, Сулайман Рысбаевге сөз берди. Ал жаңы китеби тууралуу, жалпы эле кыргыз тилин окутуу туурасында баяндама жасады.

Андан соң келген конокторго сөз берилип, профессорлор Г.Т.Жаманкулова, Н.А.Ахметова, БААУдан келген конок Г.С.Дүйшеева ж.б. окумуштуулар мамлекеттик тилди окутуудагы алдыңкы тажрыйбалар, деңгээлдер боюнча окутуу, Сулайман Рысбаевдин китеби тууралуу сөз сүйлөштү.

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чаранын соңунда суроо-жооп, пикир алышуу болду.

(С) Кадыржан Жусупкелдиев – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий