2023-жылдын 1-декабрында 6-окуу имаратынын 110-дарсканасында физика жана электроника факультетинин ФТОФ(м)-1-22 группасынын магистранттары Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата факультеттин студенттерине тарбиялык саат өткөрүштү.

Магистранттар СПИДдин келип чыгуу тарыхы, адамдардын өмүрүнө тийгизген терс таасирлери, жугузуп алуу жолдору жана коргонуу жолдору жөнүндө өздөрү даярдаган материалдар менен бөлүштү. Андан кийин өз ара талкуу болуп, студенттердин ойлору угулду.

Иш чаранын соңунда жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти Айсулуу Баялиева жана физика жана электроника факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Айчүрөк Дөөлөталиева чыгышып, “Биздин келечектеги муунду улантуучу жаштар силерсиңер. Келечекте таза, ден-соолугу чың коомду куралы” деген тарбиялык маанидеги сөздөрүн айтышты.

(C) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий