2023-жылдын 1-декабрында кыргыз филологиясы факультетинде конок лекция уюштурулду. “Кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелери” аттуу лекцияны ЖМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Ибраим Абдувалиев окуду. Анда тил илиминин грамматикасы боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Лекциянын соңунда студенттер тарабынан суроо-жооп уюштурулуп, кызыккан суроолоруна алгылыктуу жоопторду ала алышты.

Иш-чаранын аягында факультет деканы Б.Жайлообаев И.Абдувалиевге ректордун атынан ыраазычылык кат тапшырды.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий