2023-жылдын 1-декабрында КММАнын доценти, медицина илимдеринин доктору Мейкин Усубалиев кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине “Жугуштуу оорулар, алардын терс таасирлери” аталышындагы конок лекция окуду.

Жыйынды факультет деканы Б.Жайлообаев ачып, студенттерге лекторду тааныштырган соң, КММАнын доценти студенттерге жугуштуу оорулар, алардын кесепети жана аларга кантип алдын ала кам көрүү керек деген маселелер боюнча бир топ пайдалуу маалыматтарды айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чаранын аягында факультет деканы М.Усубалиевга ректордун атынан ыраазычылык кат тапшырды.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий