2023-жылдын 30-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинде “Адистикке киришүү” предметинен КТАОМ-1-22 группасынын студенттери Жайлообаева Милана менен Максатбекова Медина “20-30-жылдардагы прозада фольклордук таасирдин калыптанышы” деген темада студенттик сабак өтүштү.

Алар буга чейин алган билимдерин бышыктоо максатында чыгармачыл сабак өтүшүп, группалаштарынын билим деңгэлине саресеп салышты. Студенттер өтүлгөн сабак абдан пайдалуу болгондугун жана практикага барар алдында өз алдынча метод-ыкмаларды үйрөнүп алууга боло тургандыгын айтышты.

Аталган предметти п.и.к., доцент Г.Абдыкадырова өтөт жана  студенттерди дайыма кесипкөй адис болууга үндөп, ар түрдүү методика менен сабак берүүгө аракет кылып келет.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий