2023-жылдын 29-ноябрь күнү кесиптик колледждин экономика жана финансы бөлүмүнүн окутуучусу Бурмаш Бекишова “Кыргыз элинин чечендик өнөрү” аталышындагы ачык сабак өттү. Иш чарага окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын эл акыны Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, манасчы Самат Көчөрбаев жана колледждин эмгек жамааты менен студенттери катышты..

Сабактын жүрүшүндө студенттер чыгармачылык жактан мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

Иш чаранын соӊунда дубал газета боюнча жарыялаган конкурстун жеӊүүчүлөрү аныкталып, колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу, акын Азамат Болгонбаев жана манасчы Самат Көчөрбаев аларга ардак грамоталарды тапшырышты. Ал эми сабакты өткөргөн окутуучу менен келген меймандар колледждин директору тарабынан ыраазычылык каттары менен сыйланды.

(С) Бекишова Бурмаш – экономика жана финансы бөлүмүнүн окутуучусу 

Добавить комментарий