2023-жылдын 29-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети тарабынан “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы конок лекция өткөрүлдү. Иш чараны мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, студенттерге лекторлорду тааныштырды.

Аталган лекцияны КР эмгек сиңирген мугалими Г.М.Мадаминов, “Токмок Үмүт” кыздар лицейинин директору А.А.Жияналиев жана Intellect Pro School мектебинин директору Ж.Ж.Матановдор окушуп, кызыктуу маалымат менен бөлүшүштү.

Лекциянын соңунда студенттер өзүлөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Жыйындын соңунда проректор ыраазычылык билдирип, ректордун атынан ыраазычылык кат тапшырды.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий