Юридикалык институттун «Бажы иши» адистигинин күндүзгү бөлүмүнүн студенттери «Укук таануу жана бажы иши» кафедрасынын башчысы Рахатбек Ибраимов жана окутуучулары менен биргеликте Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты.

Иш-чара кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана кафедранын мерчемделген иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү.

Ч.Айтматовдун үй-музейи Бишкектен 8 км алыстыктагы Чон-Арык айылындагы мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгащкан. Бул үйдо жазуучу 1986-жылдан тартып өмүрүнүн акырыкы 20-жылдайын жашаган. Үй-музейге киргенде эле бардыгы Ч. Айтматовду эске салат: анын кол жазмалары, печаттык эски машинка, анын жеке буюмдары, белгилүү адамдар менен тушкөн сүрөттөрү, сыйлыктары, чыгармаларына карата тартылган көп сандагы картиналар (дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн белектери) жана о.э. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жана турмушун баяндаган сүрөттөр.

Жазуучунун сүйүктүү верандасы да өзүнчө бир ажайып бөлмөгө айланган. Бул бөлмөдө Ч.Айтматовдун ар кайсы тилдерде жарык көргөн чыгармалары коюлган. Ушул эле жерде классик жазуучубузга көзү өткөндөн кийин Түрк дүйнөсүн бириктирүүгө кошкон зор салымы үчүн эл аралык Алишер Новои атындагы сыйлыктын берилгендигин тастыктаган күбөлүк да турат. Бул музей биздин мекендештерибизге гана эмес, дүйнөгө белгилуу музей экендигин ага келген чет элдик жогорку даражадагы меймандардын байма-бай келиши далилдеп турат.

Бул иш-чаранын алкагында катышуучулар улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун сөөгү коюлган «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине да барышты. 2008-жылы Ч. Айтматовдун  көзү тирүүсүндө өз каалоосу менен бул комплекстин аймагындагы атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлган.

Студенттер анын эстелигине гүлчамбар коюп, жазуучуга багыштап куран тушурушту.

Иш-чара студенттердин улуу жазуучубуз, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу терендеп билип, алардын ой-жүгүртүүсүн кенейтууго өбөлгө болду.

(С) Рахат Ибраимов – укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий