Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк 27-29-ноябрь күндөрү Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинде өткөн “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” аталышындагы III Эл аралык конгресске Кыргызстандын делегациясынын курамында катышып, иш-чаранын “КМШ өлкөлөрүнүн жалпы санариптик мейкиндиги: мүмкүнчүлүктөрдүн диапазону” деген секциясында модератор болду жана “Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын маалымат саясатын калыптандырууда орус тилинин ролу” аттуу баяндама жасады.

Москва мамлекеттик лингвистикалык университети тарабынан уюштурулган жыйынга конгресске мүчө болгон бардык өлкөлөрдөн, Россиянын билим берүү уюмдарынан, илимий мекемелеринен жана коомдук уюмдарынан баяндамачылар катышууда.

Конгресстин ачылышында куттуктоо сөздөрү менен Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору Н.Г.Лаптев,  Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору И.Краева, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.А.Султанбаев, В.Я.Брюсов атындагы Мамлекеттик университеттин ректору Д.С.Гюржинян (Армения Республикасы, Ереван), Россотрудничествонун Беларусь Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ю.А.Макушин, Минск шаарындагы КМШнын уставдык жана башка органдарындагы Россия Федерациясынын туруктуу өкүлү А.Ю.Грозов, Гуманитардык кызматташтык, жалпы саясий жана социалдык көйгөйлөр бөлүмүнүн кеңешчиси Г.Н. Казак; Казакстан Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Е.С.Байжанов чыгып сүйлөштү.

Конгресстин алкагында КМШга мүчө мамлекеттерде калыптанып жаткан тилдик кырдаал талдоого алынып, колдонулуп жаткан тажрыйбалардын натыйжалуулугу бааланып, мамлекеттердин көп тилдүү, көп маданияттуу жана көп конфессиялуу коомчулугунун контекстинде тилдик кырдаалды шайкеш келтирүүнүн оптималдуу ыкмалары белгиленип, талкууланды. Конгресстин жыйынтыгында катышкан мүчөлөрү тарабынан резолюция кабыл алынды.  

(С) П.Джаныбекова – ЖКИнин адиси

Добавить комментарий