2023-жылдын 28-ноябрь күнү тарых жана чөлкөм таануу институтунда археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасы тарабынан уюштурулган «2023-жылдагы археологиялык жана этнографиялык экспедициялардын жыйынтыгы» аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Жыйынды институттун директору Туратбек Сырдыбаев ачып берип, андан ары аталган кафедаранын башчысы Темирлан Чаргынов улантты. Конференциянын жүрүшүндө тарых жана чөлкөм таануу институтунун, Кыргыз-Түрк Манас университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин тарых жана антропология багытындагы студенттери археологиялык, этнографиялык практикаларынын, о.э. 2023-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн казуу иштери боюнча отчет ирээтинде баяндамаларды жасашты.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, т.и.д. Кубатбек Табалдиев археология илими актуалдуу жана аны мындан ары дагы изилдеп, өнүктүрүү керек экендигин белгиледи.
Конференциянын соңунда баардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу