Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин «Чыгыш жана Африка таануу» багыты боюнча корей тайпасынын 2-курс студенти Барктабасова Бермет Корея Республикасынын Ханбат университети жана «Unicourse» тил борбору тарабынан уюштурулган «Корея тилинде чечендик өнөр» сынагында 1-орунга ээ болду.

2023-жылдын 19-ноябрь күнү “Европа” мейманканасында болуп өткөн сынактын финалдык туруна квалификациялык тандоо этаптарынан өткөн 10 студент катышты.

Алар өз презентацияларын жасаган соң, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, КУУнун студенти Барктабасова Бермет сынактын баш байгесин ээ болду жана сыйлык катары Ханбат тил курстарында бир жыл 100% арзандатуу менен окуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Факультет жамааты Барктабасова Берметти жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт жана келечектеги чыгыш таануучуга мындан аркы ийгиликтерди, курсту ийгилик менен аяктоону жана ийгиликтүү изилдөөлөрдү каалайт!

(С) Хоролец Е.Г. – «Чыгыш жана Африка таануу» программасынын жетекчиси, доцент

Добавить комментарий