2023-жылдын 20-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында экономиканын жогорку мектебинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. ЭЖМ директорунун эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча орун басары Эмилия Назарбекова жана студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюштурулган иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталып, директор Эркин Кулова жана кафедра башчыларынын куттуктоосу менен уланды. Алар экономиканын жогорку мектебинин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерин майрамы менен куттуктап, ак жол каалашты жана сапаттуу билим алууга чакырышты.

Салтанаттуу иш чара ЭЖМдин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт менен уланып, 1-курс студенттерине символикалуу “Билим ачкычы” менен “Студенттик билетти” тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий