2023-жылдын 20-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИге “Келечекке салым” программасынын алкагында Москва шаардык университети тарабынан институттун окутуучулары үчүн уюштурулган “Билим берүүдөгү жеке потенциалды өнүктүрүү” курсунун жетекчилери келип, катышуучуларга курсту ийгиликтүү өздөштүргөндүгү үчүн сертификаттарды тапшырышты.
Жолугушууга келген конокторго институт тарабынан сый көрсөтүлүп, баалуу белектер тапшырылды.
(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери