2023-жылдын 17-ноябрында эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери Нурланова Айгерим (3-курс), Ишенова Нестан (3-курс), Марсельева Алина (3-курс), Камчибекова Жамиля (2-курс), Амангелди кызы Симура (2-курс), Кубанчыбекова Байма (2-курс) жана Алтынова Марал (2-курс) Бишкек шаарында болуп өткөн “Кыргыз-Казак жаштарынын форумуна” ыктыярчылар катарында катышты.

Жыйында эки өлкөнүн жаштар лидерлери чогулуп, кызматташуу жана жаштар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты.

Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Казакстан Республикасынын продюсери Абыкен Азат катышып, өтүп жаткан форум эки өлкөнүн жаштары үчүн достукту биргелешип өнүктүрүү жана бекемдөө, о.э. тажрыйба, идеяларды алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгилеп өтүштү.

Добавить комментарий