2023-жылдын 17-ноябрында Cтуденттердин эл аралык күнүнө карата КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде быйылкы окуу жылындагы окуп жатышкан студенттерин кабыл алуу аземи болуп, аларга студенттик жана сынак китепчелери салтанаттуу түрдө тапшырылды.

ГТИФ деканы С.С.Иманалиев Ж.Баласагын атындагы КУУнун даңктуу тарыхын айтып, студенттерди жакында болуп өткөн Илим күнү жана Жаштар күнү чын дилинен куттуктады. Ал студенттерди бош убактысын сарамжалдуу, пайдалуу өткөрүүгө, мыкты окууга жана кесиптик сырларды кеңири үйрөнүүгө чакырып өттү.

Аземдин жүрүшүндө конкурс, викторина уюштурулуп, суроолор проектордо чагылдырылып, студенттер кызыгуу менен жооп беришти. Алар “Үй-бүлөлүк зомбулук” жөнүндө чакан инсценировка жана майрамдык концерт да тартуулашты.

Жыйынтыгында, конкурс жана викторинадан утушкан студенттерге мыкты окууга, коомдук иштерге активдүү катышууга шыктандыруу максатында деканаттын ардак грамота жана ыраазычылык каттары, о.э. ар түрдүү белектер берилди. Белектерди кураторлор Арсарбек кызы Света жана Нурсейитова Сезим тапшырышты.

(С) Сыдык Иманалиев – КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы

Добавить комментарий