2023-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарындагы “Тай казан” кафесинде кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Иш-чараны 4-курстун студенттери уюштурушуп, 1-курс студенттерине жагымдуу кеч тартуулашты.

Аталган кече окутуучулардын куттуктоо сөздөрү менен башталып, жаңы келген студенттерге сынак китепче менен студенттик билеттер тапшырылды. Бүтүрүүчү курстун студенттери ыр-бий коштогон чакан концерт тарттуулап, аягында  сый тамак берип узатышты.

Эскертүүчү жагдай: аталган кече жыл сайын факультеттин бүтүрүүчү курстун студенттери тарабынан  уюштурулуп келет.

Добавить комментарий