2023-жылдын 20-ноябрында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КУУнун кесиптик колледжинин биринчи курс студенттерин тосуп алуу аземи болду. Кечээки мектеп окуучусу, бүгүнкү студенттерди майрамы менен ректор Төлөбек Абдырахманов, маданият, маалымат, туризм жана спорт министринин орун басары Марат Тагаев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Руслан Мааткабылов куттукташкан соң, 1-курс студенттерине символикалуу «Сынак китепчеси» тапшырылды.
Майрамдык салтанат колледждин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен уланды.
Тосуп алуу аземине о.э. илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек, менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкуль Керимкулова жана башка түзүм жетекчилери катышты.