2023-жылдын 16-ноябрында КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде Кыргыз Республикасынын журналисттер жана жазуучулар союздарынын мүчөсү, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, Нарын облусунун ардактуу атуулу, милициянын ардагери, тарыхчы жана илим изденүүчү Бокоев Каныбек Сейтакуновичтин “Кыргызстандагы полиция-милиция кызматтары” аттуу китебинин бет ачаары болду.

Иш чараны факультет деканы С.Иманалиев ачып, Каныбек агайдын басып өткөн байсалдуу өмүр жолу, илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, анын Нарын облусунун жана Нарын шаарынын тарыхын изилдөөгө кошкон салымын баса белгиледи.

Андан соң сөз Каныбек Сейтахуновичго берилип, ал жаңы окуу китебинин жазылуу тарыхы, колдонулган архивдик материалдар тууралуу кеңири баяндады. Автор о.э. укук коргоо органдарында, областтык администрацияда иштеген жылдардагы кызыктуу учурлары тууралуу айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, колледжин студенттери өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты. Студенттер юрист жана укук коргоо органдарында иштөөдө кандай кесиптик сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу суроолорду көбүрөөк беришти.

Иш чаранын соңунда факультет деканы китептин авторуна ыраазычылык катын тапшырып, Каныбек агайга чың ден-соолук жана  чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

К.С.Бокоев өзүнүн “Нарын милициясы” (Бишкек. 2011) жана “Кыргызстандагы полиция-милиция кызматтары” (Бишкек. 2023) аттуу китептерин факультеттин окуу китепканасына белекке берди.

(С) Сыдык Иманалиев – КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы

Добавить комментарий