2023-жылдын 16-ноябрь күнү ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери юридикалык институттун 1-курс студенттерине «Жаштарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы аракеттенүү» темасында лекция окушту.

Жыйынды кылмыш жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын улук окутуучусу Низахун Алахунов ачып, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Айщи Алия лекция окуду.
Лекциянын максаты – баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле баңгизаттарды жайылтуунун укуктук кесепеттери жөнүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу болду.
Сабактын жүрүшүндө студенттерге кызмат тарабынан даярдалган видео ролик көрсөтүлдү.

(С) Мадалинов А.Т. – тарбия иштери юоюнча директордун орун басары

Добавить комментарий