2023-жылдын 16-ноябрында юридикалык колледждин студенттери Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөрүлгөн “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аттуу иш чарага катышты.
2-курс студенти Нуркашов Сардарбек “Майсалбектин катын”, 1-курс студенттери Назарматова Мээрим “Толгонайдын монологун”, Орозалиев Адилет Ч.Айтматовдун учкул сөздөрүн, ал эми Курманова Айназик улуу жазуучуга арнап жазган автордук ырын аткарып, уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланышты.
(С) Тумаров Харсан – директордун орун басары