2023-жылдын 14-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.

Алгачкы сөз факультет деканы  Кундузгүл Базакеевага берилип, ал катышуучуларды 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнү менен кутуктап, “Бүгүн “миң күнгө тете бир күн” дейт, мына ошондой күн болуп турат. Силерди карап абдан кубанып турам. Жыл сайын катарыбызга түркүн таланттардын ээлери кошулуп, факультетибизди жаркыратып, чырайына чыгарып келесиңер. Ден соолукта болгула, алтындарым”, – деди. Биринчи курс студенттерин майрамы менен о.э. жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору Алмаз Кадыров куттуктады.

Факультеттин окутуучулары менен жогорку курстун студенттери да 1-курстарды куттукташып, 2-курстун студенттери биринчи курстарга арнап даярдаган себетти эстафета катары өткөрүп беришти.

Иш чаранын соңунда 1-курстардын ант берүү аземи болду.

(С) Сүймөнова Жылдыз — тарбия иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий