2023-жылдын 14-ноябрь күнү 5-окуу имаратынын чоң жыйындар залында 5-жатаканда жашаган 1-курс студенттеринин “тушоо кесүү” аземи болуп өттү.

Студенттерди майрамы менен жатаканалар боюнча менеджер Бексултан Шабданов, 5-жатакананын башчысы Гүлнара Сүйүмкулова жана ЖСС депртаментинин тарбия жана жатаканалар  иштери боюнча координатору Айжан Абдыбекова куттукташып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин тарбия жана жатаканалар иштери боюнча секторунун башчысы Буланбек кызы Асель жана 5-жатакананын башчысы Гүлнара Сүйүмкулованын демилгеси менен уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө студенттерден түзүлгөн “Асман”, “Кыз бурак”, “Келечек”, “Айкөл Манас” командалары кызыктуу оюн куруп беришти. Алар 6 тапшырма аткарып, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • Гран-При: “Асман” командасы (3-кабат). “Bishkek Arena” муз тебүү аянтчасына 10 кишилик жолдомо менен сыйланды;
  • 1-орун: “Кыз бурак” командасы (2-кабат). “Россия” кинотеатрына 10 кишилик жолдомо;
  • 2-орун: “Келечек” командасы (5-кабат). Кызыктыруучу сыйлык;
  • 3-орун: “Айкөл Манас” командасы (4-кабат). Кызыктыруучу сыйлык.

Сыйлыктарды Бексултан Шабданов, Гүлнара Сүйүмкулова, Айжан Абдыбекова жана Буланбек кызы Асель тапшырышты.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий