Математика жана информатика факультетинин 4-курс студенти Заирбекова Аяна 2023-жылдын 7-12-ноябрь күндөрү Омск шаарында өткөн “Россия жана Борбордук Азия аймагы” аталышындагы Жаш лидерлердин  III форумуна катышты.

А.Заирбекова Россиянын жаштар саясаты боюнча федералдык агентствосунун жетекчисинин орун басарынын жазган каты боюнча Россия, Кыргызстан, Казакстан, Туркменистан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаш делегаттардан түзүлгөн 9 команданын бирине капитан катары чакырылган.

Форумду уюштуруучулардын негизги максаты – жаштар түзгөн туризм маршруту аркылуу Россия жана Борбордук Азия аймактары менен таанышуу болчу.

Иш-чаранын жүрүшүндө негизги маселе катары этникалык ашкана, мамлекеттин маданияты жана кол өнөрчүлүк боюнча талкуулар жүрдү.

Көп улуттан түзүлгөн 7-команданын капитаны Аяна Заирбекованын тарыхый-маданий багыты боюнча “Эркин көчмөндөрдүн ашканасы” темасындагы жасаган доклады форумдун катышуучуларына аябай кызыгуу жаратты. Ал өз баяндамасында үч күн аралыгында эсте каларлык активдүү эс алуу, меймандостук маршрут аркылуу бүтүндөй Кыргызстандын маданияты жана кооз жерлери менен таанышып чыгууга болору жөнүндө айтып, Ысык-Көлдө эс алуу, тоо-лыжа курорттору, кымыз менен дарылоо жана ат минүү турлары бар экендиги тууралуу өзгөчө токтолуп кетти.

Мына ушундай Эл аралык жыйындарда Кыргызстан жөнүндө биздин жаштар өз маалыматтарын сабаттуу жана көрктүү айтып беришсе, сөзсүз түрдө өлкөбүзгө көптөгөн туристтер саякатка келишет деген ойдобуз

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент.

Добавить комментарий