2023-жылдын 14-ноябрь күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту 1-курстарды тосуп алуу аземин өткөрдү. Студенттердин эл аралык күнүнө карата институттун студенттик кенеши тарабынан уюштурулган иш чара КТжЖИИ директору  Амантур  Рыспаевдин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал бул салтанат салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлөөрүн белгилеп, кечээки абитуриенттерди бүгүнтөн баштап расмий түрдө “студент” деген статуска ээ болушу жана институттун чоӊ үй-бүлөсүнө мүчө болушу менен куттуктады. – Окууларыӊарга ийгилик! Жакшы окуп, мамлекетибиздин өнүгүшүүнө өз салымыӊарды кошкула. Жашоодогу эӊ керемет, эстен кеткис убак болгон студенттик мезгил силерге жакшы элестерди калтырсын! Биздин институтка кош келдиӊер! – деп сөзүн жыйынтыктады Амантур Рыспаев.

Биринчи курстарга студенттик билеттер тапшырылган соӊ, иш-чаранын майрамдык бөлүгү башталды.

4-курс студенти Бактыбек Маматов бүтүрүүчүлөрдүн атынан 1-курс студенттерине таажыны жана кылычты тапшырды. Аларды биринчи курстардын атынан Медетбеков Туратбек кабыл алып, жакшы окууга жана университеттеги иш-чараларга активдүү катышууга ант берди.

Андан кийин лотерея ойнотулуп, башкы байге болгон “Мишканы” №18-билеттин ээси утуп алды.

Салтанаттын жүрүшүндө 1-курстун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик номерлер аткарылып, кызыктуу оюндар ойнотулуп, залдагы көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.

Иш чаранын катышуучулары тосуп алуу аземи жогорку деӊгээлде уюштурулганын белгилеп, жаркын маанайда кайтышты.

Добавить комментарий