2023-жылдын 1-4 – ноябрь күндөрү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучусу, КУУнун жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Сезим Турдубаева КМШга мучө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын Москва шаарында өткөн “Илим континенти” аталышындагы форумуна катышып, социалдык-гуманитардык илимдерге арналган секцияда баяндама жасады.
Иш чарага Россия, Кыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Таджикистан, Азербайджан, Армения, Беларусь, Венгрия, Монголия, Индия, Кытай, Сербия, Эфиопия, Индонезия, Иран жана Вьетнам мамлекеттиринин жан окумуштуулары катышты.
Форум Россиянын Илимдер академиясы, КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитети, Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулду.
Иш чаранын ачылышында Россиянын Илимдер академиясынын президенти жана бир катар академиктер, окумуштуулар жана коноктор сөз сүйлөштү.
Форумга катышкан чыгымдар толугу менен чакырылган талаптан камсыздандырылды.
(С) Шайылдаева А.Ш. – илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, к.с.н., доцент