2023-жылдын 7-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучулары менен студенттери “Альянс” саясий партиясынын өкүлдөрү менен биргеликте ата-бабаларды эскерип «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти.

Бул иш чаранын негизги максаты – жаш муундарга жана студенттерге Кыргыз Республикасынын эгемендиги үчүн жанын аябай күрөшкөн кыргыз интелегенттеринин, б.а. өз мезгилинин аттын кашкасындай таанымал чыган уулдардынын басып өткөн жолу жана каргашалуу тагдыры тууралу кенен маалымат берүү жана практикада көргөзүү болду.

Экскурсиянын жүрүшүндө “Альянс” саясий партиясынын төрөагасы Жанар Акаев ата-бабаларды эскерүү сөзүн айтып, гүлчамбар коюлуп, маркумдарга куран түшүрүлдү. Андан соң, тарых илимдеринин кандидаты, архив таануучу Жумагул Байдилдеев 1937-1938-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргыз элинин чыган уулдары жөнүндө ачык лекция окуп бери.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жалпы жамаатына жана илимий кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

(С) Касымкулов Келдибек – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий