2023-жылдын 3-ноябрында юридикалык институттун «Бажы иши» адистиги боюнча окуган 1-5 курс студенттери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 7,8-ноябрь күндөрү белгиленүүчү ”Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата «Укук жана бажы иши» кафедрасынын башчысы Рахатбек Ибраимов жана окутуучулары менен бирдикте «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты.

Экскурсия учурунда комплекстин илимий кызматкерлери студенттерге “Ата-Бейиттин” жаралуу тарыхына токтолуп, анын максаты – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн эң маанилүү этаптары тууралуу тарыхый эс тутумду калыбына келтирүү жана сактоо экендигин айтып беришти.

Студенттер бул жерде 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктары болгон 137 адамдын, о.э. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштө снайперлердин огунан каза болгон баатырлардын сөөгү жерге берилгенин, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында комплексте “Таазим” тарыхый-мемориалдык музейи ачылганын, кыргыз элинин 1916-жылдагы падышачылыкка каршы улуттук боштондук көтөрүлүшүндө курман болгон баатырларга жана курман болгондорго 2016-жылы эстелик ачылганын, мемориалдык комплексте 2022-жылдагы Баткен окуясында өз өмүрүн кыйып, Мекенин коргогон жоокерлердин сөөгү да коюлганын зор кызыгуу менен угушту.

Бул иш-чаранын максаты – студенттерди тарыхыбыздын олуттуу барактары менен тааныштыруу, жаштар арасында жарандык-патриоттук тарбияны, эрдик, Мекенге болгон сүйүү сезимин калыптандыруу жана арттыруу, бийик адеп-ахлактык принциптерди тарбиялоо болду

Экскурсиянын соңунда студенттер эстеликтерге гүл коюп, эскерүү дубасын окушту.

(С) Рахатбек Ибраимов – «Укук жана бажы иши» кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий