Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2023-жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Латвиянын Даугавпилс шаарында болуп өткөн Combat Ju-Jutsu боюнча дүйнө биринчилигине 85 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ээледи.
Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!
Эскерте кетсек, Бакыт Кадыров эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дуйно кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017–жылы грепплинг боюнча Баку шаарында өткөн Азиялык оюндардын чемпиону, эрежесиз уруштун “ULTIMAX” ММА версиясы боюнча 2018-жылы Тбилиси шаарында грепплинг боюнча дүйнөлүк мелдештин чемпиону жана эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2018-жылдын 9-13-май күндөрү Грецияда өткөн дүйнөлүк оюндардын вице-чемпиону, ошол эле 2018-жылдын 22-25 ноябрь күндөрү Баку шаарында өткөн “Алпагут ММА “жана ”Алпагут Грепплинг“ боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 18-21 январь күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында болуп өткөн “WJF GRAPPLING” боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 3-9 майында ММАнын “HOSHARAFU Fahting CHAMPPIONSHIP” версиясы боюнча Индияда болуп өткөн HFC32 эл аралык турнирдин чемпиону , 2019-жылы август айында Тбилиси шаарында өткөн GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирдин чемпиону, 2021-жылдын 25-июлунда Баку шаарында өткөн GRAPPLING WJF-13 версиясы боюнча алтын курдун ээси, 2021-жылдын 19-22-ноябрында Туркиянын Бурса шаарында өткөн ММАнын Алпагут версиясы боюнча Европа чемпиону, 2022-жылдын 12-15-майында Барселона шаарында болуп өткөн Combat Ju Jutsu боюнча Европанын ачык чемпионатында «күрөш жана мушташ» түрлөрү боюнча коло медалдардын ээси, 2022-жылдын июнь айында Бурса шаарында өткөн Дүйнѳ кубогунда «BATUR” (мушташ түрү) жана “GURSHAG” (грепплинг күрѳшү) түрлөрү боюнча алтын медалдардын жана «Мыкты мушкер» наамынын ээси, 2022-жылдын 8-11-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн Combat Ju-Jutsu боюнча Азиянын чемпиону, 2022-жылдын 18-20-ноябрь күндөрү Польша өлкөсүндө Воршава шаарында Универсал мушташ боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын вице-чемпиону, 2022-жылдын 1-4-декабрь күндөрү Туркия мамлекетинин Бурса шаарында болуп өткөн III Дүйнөлүк Алпагут версиясы боюнча дүйнө чемпиону, 2023-жылдын 20-21-май күндөрү Россиянын Ессентуки шаарында Full Contact Federation версиясы боюнча коло медалдын ээси, 2023-жылдын 15-16-июнь күндөрү Алматы шаарында болуп өткөн Азиялык биринчиликтин чемпиону, 2023-жылдын 20-22-октябрь күндөрү Германиянын Франкфурт на Майне жана Рюссельсхайм шаарларында болуп өткөн WFMC Grappling версиясы боюнча 84кг салмакта дүйнө чемпиону жана 92 кг салмак категориясында коло медалдын ээси.
КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 4 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.
(C) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент