2023-жылдын 10-ноябрында проф. К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүү кафедрасында кыргыз филологиясы факультетинин 4- жана 5-курстарынын педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.
Иш чара кафедра башчысы доцент Болот Оторбаевдин киришүү сөзү менен ачылды.
КУУнун практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев студент-практиканттарды педагогикалык практиканын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, ак жол каалады.
Студенттер педпрактикадан өткөн №13, №58, №2, №51 жана №9-жалпы орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү педпрактиканын жүрүшү, жетишилген ийгиликтер жана айрым мүчүлүштүктөр туралуу сүйлөп, студенттердин педпрактикаларын кантип жакшыртуу, андагы көйгөйлөр жайында өздөрүнүн ойлорун ортого салышты. Мында алар педпрактиканын алып барылуу мөөнөтүнүн өтө эле кыскалыгын, андан да КТА бөлүмүндө студенттер педпрактикага бүтүрүү курсунда бир гана жолу барганы туура эместигин, болочок кесиби мугалим болуп калыптанууга бөлүнгөн убакыттын таптакыр эле жетишсиздигин бир ооздон белгилешти. Албетте, 4 жылдык КТА бөлүмү үчүн мындан 15-20 жыл мурдагы 16 жума педпрактиканын кайра кайтарылышы – татаал маселе, эч болбоду дегенде, студенттер педпрактикага 3-курста 6 жума, 4 курста 8 жума барганы ылайыктыгын, ал эми 16 жумалык педпрактика 5 жылдык КТАОМ үчүн каралганы оң экенин, мындагы негизги багыт филология болуп эсептелгени менен, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү мектепке ишитегени бараарын унутпоо керектигин айтышты.
Мектеп мугалимдеринии ой бөлүшүүлөрүнөн кийин ар бир мектептеги педагогикалык практиканын жүрүшүн чагылдырган слайддар көрсөтүлдү.
Андан соӊ сыйлоо аземи башталып, КУУнун практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев студенттерге педагогикалык практикаларын ийгиликтүү, жогорку деӊгээлде өткөргөндүктөрү үчүн өзү жетектеген борбордун ардак грамоталарын тапшырды. Практиканы ийгиликтүү өткөргөн студенттер о.э. факультеттин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Конференция педагогика илимдеринин доктору, профессор Ж.Чымановдун жыйынтыктоочу сөзү менен аяктады.
(С) Болот Оторбаев – К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, доцент