2023-жылдын 9-ноябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек ЭлТР телеканалындагы «Зордук-зомбулук – карангылыкпы же кайдыгерликпи?» аттуу түз эфирге адис катары катышты. Ал зомбулуктун тамыры менен себептерин үй-бүлөдөн алып, социо-маданий көйгөй экенин, зомбулукка катышкан адамдардын инсандык касиеттерине, индивидуалдык-типологиялык негиздерине байланыштуу экенине токтолду. Берүүнүн жүрүшүндө Камчыбек уулу Мырзабек зомбулуктун психологиялык мыйзам ченемдерине токтолуп, аны алдын алуу жана чечүү боюнча кеңештерин берди.
Ал эми 10-ноябрда Эл аралык илим күнүнө карата башкы имаратта болуп өткөн «Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция убагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева Камчыбек уулу Мырзабекти ардак грамота менен сыйлады.
(С) Сыдыкова Гулина – психология кафедрасынын доценти