2023-жылдын 9-ноябрында И.Арабаев атындагы КМУда «Ааламдашуу шартында билим берүүнүн туруктуу өнүгүү тенденциялары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш чарага И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин жана педагогикалык колледждин ага окутуучулары Нуруева Ж.Б, Шарабидинов М.Т, Кабылова С.А, Кайдиева Н.К жана Эсенканова А.К. катышты.
Конференциянын жүрүшүндө окутуучулар секциялык иштерде өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер класс көрсөтүп, доклад окуп, соңунда аларга Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун «USAIDдин “Окуу Керемет!” долбоорунда мастер тренер жана улуттук тренер» катары сертификаттар ыйгарылды.
(С) Кыдыралиева Айжан — ПКМДИнин пиар-менеджери