2023-жылдын 9-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин инсандык өнүгүү багытындагы «Коом сен жана мен» клубунун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата иш-чара өткөрүлүп, жыйынга жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча департаменттин өкүлдөрү катышты.
Аталган департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз белгиленип жаткан майрам тууралуу баяндама жасап, 1945-жылдын 29-октябрынан 10-ноябрына чейин Лондон шаарында өткөн жаштардын Бүткүл дүйнөлүк конференциясында Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы түзүлгөнүн жана бул окуянын урматына “Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүн” жыл сайын 10-ноябрда белгилөө чечими кабыл алынганын айтып берди. Ал о.э. өзү жетектеген департаменттин структурасы, функциялары жана программалары жөнүндө айтып, ар бир жаш муун милдеттүү түрдө маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ болушу керек экендигин кошумчалады.
Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касымакунов Лондондо өткөн конференцияга дүйнөдөгү ар кандай идеологиядагы жана диндеги 63төн ашык улутттун жаштары катышкандыгын, андан бери жаштар уюмдарынын эл аралык ассоциациясы эл аралык демократиялык жаштар кыймылына айланып, жаштардын укугу жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келээрин белгилеп кетти.
Чогулуштун соңунда, жыйындын катышуучулары студенттер үчүн түзүлгөн ар тараптуу кружоктор тууралуу кеңири маалымат алышты.
Урматтуу жаштар, кымбаттуу достор! Сиздерди жаштар күнү менен чын дилден куттуктайбыз!
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент