2023-жылдын 10-ноябрь күнү Улуттук университетте Эл аралык илим күнүнө карата компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан уюштурулган «Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жыйын башталаардан мурун анын катышуучулары 1-кабаттын фойесинде уюштурулган кѳргѳзмѳнү көрүп чыгышты. Ал жерде жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү илим тармагында өздөрү иштеп чыккан приборлор, түзүлүштөр жана ар кандай макеттер тууралуу айтып беришти.

Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын башкы имараттагы чоң жыйындар залында өттү. Конференциянын модераторлук милдетин Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу аткарды.

Жыйындын катышуучуларын Илим күнү менен Жогорку Кеңештин  вице-спикери Жамиля Исаева, Президенттик Администрациянын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов жана КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктады.

Куттуктоолордон кийин төмөндөгү илимий баяндамалар жасалды:

  • Батыркул Баетов – Министрлер Кабинетинин алдындагы Илим, инновациялар жана жаӊы технологиялар боюнча кеӊештин катчысы: “Илим тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу”;
  • Каныбек Осмоналиев – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Мамлекеттик тил жана жасалма интеллект”;
  • Мирбек Окенов – “Улут  Софт” компаниясынын башкы директору: “Кыргызстанда жасалма интеллектти  өнүктүрүүнүн  жолдору”;
  • Баратбек Сабитов – КУУнун жасалма интеллект илимий изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери: “Искусственный интеллект в прикладных исследованиях: реализация и пути решения”;
  • Шаршенбек Жусупкелдиев – КУУнун жасалма интеллект илимий изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери: “”Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл ойдуңунун абасындагы парник газдарын изилдөө”;
  • Павел Панков – программдык инженерия билим берүү программасынын профессору, УИАнын корр.-мүчөсү: “Анализ понятия искусственный интеллект и его использования”.

Жыйындын жүрүшүндө КУУнун айрым кызматкерлерине Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Улуттук аттестациялык комиссиянын, Бишкек мэриясынын жана Улуттук университеттин сыйлыктары тапшырылды.

Илимий-тажрыйбалык конференциянын резолюциясын компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев окуп берди.

Пленардык отурумдан кийин конференциянын иши “Прикладдык изилдөөлөрдөгү жасалма интеллект” жана “Билим берүүнү өнүктүрүүдө жасалма интеллектти колдонуу” деген секцияларда уланып, баяндамалар онлайн жана офлайн режимде жасалды.

Добавить комментарий