2023-жылдын 3-ноябрында 8-окуу имаратынын 322-аудиториясында “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макаланы жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү. Иш чарага мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, менеджмент жана бизнес институту, о.э факультеттер аралык орус тили кафедрасынын окутуучулук-профессорлор курамы катышты.

Семинардын ачылышында илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев сөз сүйлөдү.

Жолугушуунун катышуучулары илимий маалымат базалары менен иштөөнүн ыкмалары, медиа сабаттуулук боюнча маалымат алышып, пикир алмашуу болду.

Кызыктуу жана мазмундуу маек куруп бергени үчүн Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, PhD, АКШнын Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиевге терең ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми семинардын катышуучуларына шыктануу, бакубатчылык жана иштерине ийгилик каалайбыз.

(С) Рашитова Асел – илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий