2026-жылдын 21-22-апрель күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунда билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан бир нече багыттар боюнча сапаттык текшерүү жүргүзүлдү.

Аккредитацияга сунушталган адистиктер:

  • Орто кесиптик билим берүү бөлүмү: 080108 «Банк иши», 230108 «Компьютердик системалар жана комплекстер»;
  • Бакалавриат багыты: 532000 «Дене тарбия жана спорт» (Профили: Аскерге чакырууга чейинки даярдоо жана дене тарбия). 550700 Педагогика

Бул иш-чаранын башкы максаты — институтта берилип жаткан билимдин мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоо, окутуунун сапатын жогорулатуу жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Текшерүүнүн алгачкы күнү эксперттик комиссия студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана негизги иш берүүчүлөр менен ачык маектешүүлөрдү өткөрүп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, окуу-усулдук камсыздоосун жана заманбап билим берүү технологияларынын колдонулушун ар тараптан баалады.

Бул жооптуу процессти уюштурууда көрсөткөн колдоосу жана методикалык багыт берүүсү үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Ошондой эле, билим берүү программаларына калыс жана кесипкөй баа берген Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигине ыраазычылыгыбызды айтабыз. Биз үчүн эксперттердин сунуш-пикирлери окуу жайыбыздын өнүгүүсүнө жана билим сапатынын мындан ары бекемделишине чоң түрткү берет.

Сапаттуу билим берүү — биздин негизги багытыбыз!

(С) Алиева Бурулкан — сапат жана карьера боюнча адис

Добавить комментарий