2026-жылдын 22-апрелинде Экономиканын жогорку мектебинин финансы кафедрасында 1-курс студенттери үчүн FINCA Банктын адистери тарабынан финансылык сабаттуулук боюнча конок лекция өткөрүлдү.
Университеттин Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруунун алкагында өткөрүлгөн бул иш-чаранын негизги максаты — жаштардын финансылык билим деңгээлин жогорулатуу, жеке бюджетти туура пландоо көндүмдөрүн калыптандыруу жана акча каражаттарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багыт берүү болду. Лекциянын жүрүшүндө студенттерге финансылык пландоонун негиздери, үнөмдөө адаттары жана банктык кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча практикалык маалыматтар берилди.
FINCA Банктын адистери интерактивдүү форматта сабак өтүп, студенттер менен жандуу диалог түзүштү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, күнүмдүк турмушта пайдалана турган маанилүү көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Мындай билим берүү демилгелери студенттердин экономикалык маданиятын өнүктүрүүгө жана келечекте туура финансылык чечимдерди кабыл алуусуна өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын соңунда студенттер уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай лекциялардын мындан ары да улантылышына кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Секиева Р.А., Эсенгелди кызы Алтынай, Султаналиева Б.А., Токтобаева А.Б.
(С) Секиева Р.А. — «Финансы» кафедрасынын башчысы, э.и.к, доцент.