Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк Россияда өтүп жаткан билим берүү программаларынын эл аралык кесиптик-коомдук аккредитациясынын алкагында түзүлгөн эксперттик комиссиянын төрайымы болуп иштеп жатат.
Аккредитация академик С.П.Королев атындагы Самара улуттук изилдөө университетинин базасында (Самара шаары, Россия) өтүүдө. Эксперттик комиссия жогорку окуу жайдын филология жана журналистика факультетинин «Журналистика», «Жарнама жана коомчулук менен байланыш», «Телевидение», «Басма иши», «Филология» жана «Лингвистика» багыттары боюнча билим берүү программаларынын сапатына баа берет.
Комиссиянын курамына чет өлкөлүк эксперт, Россиянын академиялык чөйрөсүнүн адиси, кесиптик коомчулуктун өкүлү жана студент кирет. Үч күндүн ичинде эксперттер университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, жетекчилик, окутуучулар, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрөт.
Аккредитациянын алкагында эксперттик комиссия о.э. “Самара” мамлекеттик телерадио берүү компаниясына барып, кесиптештер менен тажрыйба алмашып, келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушууда биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде кыска метраждуу жана документалдык тасмаларды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды.
Мындай эл аралык деңгээлдеги эксперттик ишке катышуу институттун академиялык жана кесиптик аброюнун жогорулап жатканынан кабар берет.
(С) П.Джаныбекова — адис