2026-жылдын 26-март күнү Кыргыз-кытай изилдөө институтунда Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданий мурастарды сактоо жана аны жаш муунга жеткирүү максатын көздөдү.
Майрамдык программа мазмундуу жана көркөм деңгээлде уюштурулуп, анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде Нооруз майрамынын маңызы, ошондой эле кыргыз элинин бай каада-салттары терең чагылдырылды. Сахналаштырылган көрүнүштөр аркылуу элдин турмушу, үрп-адаттары, улууларды урматтоо жана жаратылыш менен болгон шайкештиги көрүүчүлөргө таасирдүү жеткирилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук ыр-күүлөр жаңырып, салттуу бийлер аткарылып, конокторго көтөрүңкү маанай тартууланды. Нооруз майрамынын негизги символдору болгон достук, ынтымак жана жаңылануу идеялары өзгөчө баса белгиленди.
Иш-чарага ардактуу коноктор — Ж. Баласагын атындагы КУУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан жана К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын профессору Бектурсун Байсабаев, Нооруз майрамынын тарыхый мааниси, руханий баалуулуктары жана коомдогу орду тууралуу мазмундуу баяндама жасашты. Алар Нооруз элдерди бириктирген, достукту жана ынтымакты чыңдаган өзгөчө майрам экенин белгилешип, улуттук каада-салттарды сактоо жана кийинки муунга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин баса белгилешти.
Иш-чаранын соңунда институттун директору Софья Апаева жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал Нооруз майрамы улуттук маданиятты даңазалоодо жана жаштардын патриоттук сезимин калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, мындай иш-чараларды мындан ары да өткөрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
(С) Бермет Ибраимова — зам. директора ККИИ по науке
