2026-жылдын 26-мартында Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери Кыргызстан эл аралык университетинде өткөн «Санарип адам: инсан, коом жана технологиялар гибриддүү дүйнөдө» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышып, 1-курс студенттери Русланова Айкөл «Санариптик дипломатия: эл аралык мамилелердеги жаңы коммуникация формасы», Чалбаева Асема «Дипломатиянын тарыхы жана мамлекеттер ортосундагы байланыш», Азизбекова Аруна «Кыргызстандын тышкы саясаты: багыттары жана келечеги» аттуу илимий баяндамаларын окушту жана студенттердин берген суроолоруна жооп беришти.

Студенттердин баяндамалары татыктуу жазылгандыгы жана эмгектери кыргыз тилинде окулгандыгы  уюштуруучулар тарабынан жогору бааланды. Алар «Эл аралык байланыштардын санариптик өлчөмү: адам, алгоритмдер жана дүйнөлүк саясат» секциясында башка ЖОЖдордун студенттери даярдаган баяндамаларды угушуп, презентацияларды көрүштү жана адистиктерине байланыштуу тажрыйбага ээ болуп кайтышты.

(С) Мырзанаева Медина — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу

Добавить комментарий