2026-жылдын 23–27-март күндөрү Чет тилдер институтунда роман-герман тилдери кафедрасы (француз тили) тарабынан француз тилинин жумалыгы өзгөчө шыктандыруучу маанайда, мазмундуу жана жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлдү.
Жумалык салтанаттуу ачылыш аземи менен башталып, анда француз тилинин дүйнөлүк маданияттагы өзгөчө орду, билим берүү тармагындагы мааниси жана эл аралык кызматташуудагы ролу баса белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер француз маданиятынын көркүн чагылдырган көркөм номерлерди, музыкалык чыгармаларды жана сахналаштырууларды жогорку чеберчилик менен тартуулашты.
Жумалыктын алкагында өткөрүлгөн француз тилиндеги ырлар сынагы, интеллектуалдык викторина жана франкофония темасындагы тегерек стол студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын чыгармачылык потенциалын ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
Өзгөчө мааниге ээ болгон “Франкофонияны өнүктүрүүдө кыргыз аялдарынын ролу” аттуу тегерек столдо билим берүү, маданият жана эл аралык кызматташуу маселелери талкууланып, мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.
Жумалык салтанаттуу жабылыш аземи менен жыйынтыкталып, активдүү катышкан студенттерге сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Француз тилинин жумалыгы – бул тилди үйрөнүүгө болгон кызыгууну арттырган гана эмес, маданияттар аралык диалогду чыңдаган, студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүргөн маанилүү маданий-билим берүү аянтчасы катары өзүнүн жогорку маанисин дагы бир жолу далилдеди.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары