2023-жылдын 2-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында бизнес-ментор, ишкер Данияр Назаралиев КУУнун студенттерине лекция өттү. – Ишкерликке кызыгып, бизнес ачкысы келген жаштардын 70 пайызы өз багытын билбейт. Демек, аларга кайсы тармакта кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып бериш керек. Анткени алар тобокелчиликтен коркушат, тоскоолдуктардан кыйналышат, билими жетишпейт же чөйрөсү начар болот. Дүйнөлүк жаңы тенденцияларды колдонуу, талаптарды өздөштүрүү маанилүү. Бизнестин да ариби, тили болот. Аны түшүнүп, жакшы өздөштүрүп койсоңор, ийгиликке оңой жете аласыңар, – деп студенттерди шыктандырды Данияр Назаралиев.
Иш чараны жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент уюштурду.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору